20-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

20-хадис сабагы

Үй-бүлөгө жакшылык кылуу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

хайрукум хайрукум ли-ахлихий

хайрукум хайрукум ли-ахлихий

өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан.

ва ана хайрукум ли-ахлий

ва ана хайрукум ли-ахлий

жана бул маселеде менин үлгүм баарыӊардан жакшыраак, мен өз үй-бүлөмө баарыӊардан жакшыраак мамиле кылам. (Термизий, Китаабул-Мунаакиб, Баабу Фазли Азваажун-Набийи (саллаллааху алайхи ва саллам) 3895-хадис)

Биздин Ислам динибизде бул нерсеге аябай басым жасалган: күйөө жана ата өзүнүн жубайына жана балдарына аябай жакшы мамиле кылсын. Эгер силер Курани Каримди окуй баштасаӊар, ушул динде диндин негизги принциптери (усулдары), Алла Тааланын Таухиди (жалгыздагы), намаз, зекет, орозо жана ажылыктан кийин кылынган баарынан да көлөмдүүрөөк жана кененирээк сөз үй-бүлөлүк маселелерге таандык. Тагыраак айтканда, жубайлардын жана үй-бүлөөдөгү алака-байланыштары жөнүндө буюрулган жана көрсөтмөлөр берилген. Мисалга, «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 222-аятынан тартып, 243-аятына чейин бул жөнүндө токтолгон. Андан кийин да улам-улам келин-күйөө жөнүндөгү көрсөтмөлөр кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Тахажжуд намазын аябай окуучу жана орозо кармоочу бир сахаабасы (разияллааху анху)га мындай деп айткан:

инна ли-жасадика алайка хаккун ва ли-заужика алайка хаккун

инна ли-жасадика алайка хаккун ва ли-заужика алайка хаккун

сенин денеӊдин да сага акысы бар, сенин жубайыӊдын да сага акысы бар. («Бухарий» китаабун-Никах, Баабун ли-заужика алайка хаккун, 5199-хадис)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Аялдар жөнүндө баса белгилеп берилген көрсөтмөлөрдү кабыл алгыла: алар кабыргадан жаратылган, анын эӊ жогорку бөлүгү көп ийрилиги менен айырмаланат; эгер (аны) түздөйм десеӊ, сындырып саласыӊ, а эгер аны (тим) койсоӊ, ийри бойдон калат». («Бухарий», Китаабун-Никах, Баабул-васаати бин-Нисааи, 5186-хадис)

Демек, аялдарга жакшы мамиле кылуу жөнүндө берилген баса белгилүү көрсөтмөлөргө амал кылгыла. Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат:

Эфиопиядагы адамдар өздөрүнүн найзалары менен ойношчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мени (алардан) далдолоп турчу жана көрүп турчу элем, көрө берчү элем». («Бухарий», Китаабус-Салаат, Баабу асхаабил-хирааби фил-масжиди, 454-бет)

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам)

хайрукум хайрукум ли-ахлихий

хайрукум хайрукум ли-ахлихий

(өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан) деген хадиске чечме берип жатып, мындай деп айтат:

«А дегенде өзүнүн жубайына жакшылык кылуучу адам гана араӊардагы адамзатка көп-көп пайда келтирүүчү адам болушу мүмкүн, бирок өзүнүн жубайына зулумдук жана ээн баштык менен мамиле кылуучу адам башкаларга жакшылык кылуусу мүмкүн эмес». («Исмат-э-Анбия (алайхимуссалам)», «Руханий Хазааин» 18-том, 660-бет)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, үй-бүлөбүзгө жана бала-чакабызга жакшы мамиле кылууга Алла Таала баарыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)