19-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Чың ден-соолук жөнүндө

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан, бул хадис хадистердин экинчи китеби – «Сахих Муслимде» кезигет, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

ал-му’минул-кавиййу хайрун ва ахаббу илаллаахи минал-му’миниз-заъийфи

ал-му’минул-кавиййу хайрун ва ахаббу илаллаахи минал-му’миниз-заъийфи

бакубат жана күчтүү момун алсыз момунга караганда жакшыраак жана Алла Таалага жагымдуураак. («Муслим» китаабул-кадри, Баабул-иймаани бил-кадри вал-азъаани лаху… 6774-хадис)

Баарыӊар билгениӊердей, чыныгы момун-мусулмандын жашоосу машакаттуу жашоо болот. Ал күндө беш маал намазга жыгылууга да милдеттүү. Өзүнүн күндөлүк азык-түлүк үчүн ыймандуулук жана ак эмгеги менен тиричилигин кылууга аргасыз. Жалганчылык менен, паракорлук менен, кыянатчылык менен тиричилик кылуу ага мүмкүн эмес. Ага үйдөгүлөргө кызмат кылуу, кошуна-коӊшуларга жардам берүү, жакырларга, алсыздарга жардам берүү жана ооруларды көрүүгө да буюрулган. Жакшы момун-мусулман түнүчүндө Тахажжуд намазын да аткарат, Рамазан айында ай бою жана кээде нафл орозолорун да кармайт, эгер ажылыкка кудурети жетишсе, кээде сапар жана ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн машакат чегүүгө да аргасыз болот. Кыскасы, момун-мусулмандын жашоосу кайрат, аракеттенүү жана машакатка негизделген жашоо болот. Эгер адамдын ден-соолугу начар болсо, анда Алла таала ага жүктөгөн милдеттерди жакшылап жана мыкты аткара албайт. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бакубат жана күчтүү момун-мусулман алсыз момун-мусулмандан жакшыраак деп айткан. Бүгүнкү күндөгү коомчулукта Ислам таалимине да каршы келүүчү, ден-соолукту да алсыратуучу көптөгөн жаман адаттар пайда болуп калган. Мисалга, кечинде курулай сөздөрдү сүйлөө үчүн уктабай отуруу, чыныгы муктаждыктан ашыкча тамакты ичүү, тамеки тартуу, кийим-кечек жана денени тазалоого, айрыкча тиштерди тазалоого көӊүл бурбоо ж.б. Бирок чыныгы момун-мусулманга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй насаты бар: ден-соолугу чын жана күчтүү момун-мусулман алсыз момун-мусулманга караганда Алла Таалага аябай жагымдуураак.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, ден-соолугубузду чыӊдоого, саламаттыгыбызды сактоого Алла Таала баарыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)