Карылыкта балалуу болуу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Карылыкта балалуу болуу дубасы

Азирети Закария (алайхиссалаам) карылыкта балалуу болуу үчүн дубанын тандаган көркөм ыкмасы өзүнчө кабыл болууга татыктуу. رَبِّ اِنِّیۡ وَہَنَ الۡعَظۡمُ مِنِّیۡ وَاشۡتَعَلَ الرَّاۡسُ شَیۡبًا وَّلَمۡ اَکُنۡۢ بِدُعَآئِکَ رَبِّ شَقِیًّاوَاِنِّیۡ خِفۡتُ الۡمَوَالِیَ مِنۡ وَّرَآءِیۡ وَکَانَتِ امۡرَاَتِیۡ عَاقِرًا فَہَبۡ لِیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ وَلِیًّایَّرِثُنِیۡ وَیَرِثُ مِنۡ اٰلِ یَعۡقُوۡبَ ٭ۖ وَاجۡعَلۡہُ رَبِّ رَضِیًّاОКУЛУШУ: РАББИ ИННИЙ ВАХАНАЛ-ЪАЗМУ МИННИЙ ВАШТАЪЛАР-РА′СУ ШАЙБАН ВА ЛАМ АКУМ БИ-ДУЪААИКА РАББИ ШАКИЙЙАА. ВА ИННИЙ ХИФТУЛ-МАВААЛИЯ МИН ВАРААЙИЙ ВА КААНАТИМ-РА′АТИЙ ААКИРАН ФА-ХАБЛИЙ МИЛЛАДУНКА ВАЛИЙЙАА. ЯРИСУНИЙ ВА ЯРИСУ МИН ААЛИ ЯЪКУУБА ВАЖЪАЛХУ РАББИ РАЗИЙЙАА. (19:5-7)

Котормосу: «Эй, Раббим! Албетте, сөөктөрүм алсырап калды жана карылыктан чачым агарды. Ошого карабастан, эй, Раббим! Мен Сага дуба кылып туруп, эч качан бактысыз болгон эмесмин. Мен албетте, артымда кала турган туугандарымдан кооптоном. Ал эми аялым дагы уруксуз. Ошондуктан, Өзүңдүн алдыңан мага бир мураскер тартуулагын. Ал менин дагы мураскерим болсун, Яъкуубдун тукумунун дагы мураскери болсун. Эй, Раббим! Аны абдан сүйүктүү кылгын». («Марям» сүрөөсү:5-7)

Share via