Алланын паанасына кирүү жана жаманчылыктан сактануу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алланын паанасына кирүү жана ар кыл жаманчылыктан сактануу дубасы

Азирети Абдулла (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсүн окуп, кечинде уктагыла. Булар сыяктуу паана сурала турган башка эч нерсе жок». («Насаайи»)

Азирети Айша разияллааху анхаа мындай деп айтат: «Качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп калганда, акыркы эки сүрөөнү окуп, колдоруна үйлөп, денесине сүйкөп алчу. Качан соңку ооруусу күчөп кеткенде, мен ушул сүрөөлөрдү окуп, колдорго үйлөп, анын денесине сүйкөп койчу элем». («Бухарий» жана «Муслим»)بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِقُلۡ اَعُوۡذُ بِرَبِّ النَّاسِمَلِکِ النَّاسِاِلٰہِ النَّاسِمِنۡ شَرِّ الۡوَسۡوَاسِ ۬ۙ الۡخَنَّاسِالَّذِیۡ یُوَسۡوِسُ فِیۡ صُدُوۡرِ النَّاسِمِنَ الۡجِنَّۃِ وَالنَّاسِОКУЛУШУ: БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ. КУЛ АЪУУЗУБИ РАББИН-НААС. МАЛИКИН-НААС. ИЛААХИН-НААС. МИН ШАРРИЛ-ВАСВААСИЛ-ХАННААС. АЛЛАЗИЙ ЮВАСВИСУ ФИЙ СУДУУРИН-НААС. МИНАЛ-ЖИННАТИ ВАН-НААС. («АН-НААС» СҮРӨӨСҮ:1-7)

Котормосу: Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Мен адамдардын Раббисинин паанасын сураймын. Адамдардын паышасынын, адамдардын Кудайынын, азгырык салып, артка бурулуп кете турган, көп-көп азгырык салуучунун жаманчылыгынан – адамдардын жүрөктөрүнө азгырык сала турган бирөөнүн жаманчылыгынан. Мейли ал жиндерден  («чоңдор») болсун же жалпы элден болсун. («Ан-Наас» сүрөөсү:1-7)

Share via